Ысык-Көлдө 4100 метр балык уулоочу тор табылды (сүрөт)

Ысык-Көлдө мыйзамсыз балык уулоого каршы күрөшүү иштери уланууда. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2-ноябрда Ысык-Көлдүн суусуна инспекторлор тарабынан жүргүзүлгөн рейд учурунда жалпы узундугу 4100 метрди түзгөн 41 синтетикалык балык уулоочу торлор табылган. Ал Түп районунун Кутургу айылынын балык уулоочу аймактарынан табылган. Аныкталган торлорду жана балыктарды Кутургу айылынын тургуну карап жатат.