Ысык-Көлдө адам өлүмүнө алып келген кырсыкка шектүү милиция кызматкери үй камагына чыгарылды

Ысык-Көл райондук сотунун судьясы Космира Жусупбекова адам өлүмүнө алып келген кырсыкка шектүүлөрдү үй камагына бошотту. Бул тууралуу 24.kg маалымат агенттигине курман болгондордун туугандары билдиришти.

“Токтоп турган унааны сүзүп алган унаада Тоң районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкери, милициянын капитаны Жамал Термечикова болгон. Рулда 33 жаштагы Максат Алымбеков болгон. Анын айдоочулук күбөлүгү болгон эмес. Милиция кызматкери жана унаанын айдоочусу мас абалда болгон. Муну экспертиза да тастыктаган. Милиция кызматкери кармалып, бирок кийин сот аны жана айдоочуну үй камагына чыгарды”, — деп маркумдун жакындары билдиришкен.

Туугандары сот мыйзам бузуулар менен бөгөт чарасын аныктады деп эсептешет, анткени жабырлануучу тарап сот отуруму жөнүндө кабардар болгон эмес.

12-июнда Сары-Камыш айылы менен Балыкчы шаарынын ортосунда кырсык болгон. Mercedes-Benz E240 унаасынын айдоочусу жолдун четинде токтоп турган Volkswagen Passat унаасын сүзүп алган. Кырсыктын кесепетинен аял жана анын эки кызы каза болуп, уулу жаракат алган.