Ысык-Көлдө акча талап кылган салыкчы кармалып, камакка алынды

Ысык-Көлдө опузалап акча каражатын талап кылууга шектелип салык кызматынын кызматкери кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

Милицияга Челпек айылынын тургуну арыз менен кайрылып, Эрадил аттуу жаран зомбулукту колдонуу менен андан 50 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын талап кылып жаткандыгын маалымдап, мыйзам чегинде чара көрүнүү сураган. Жабырлануучунун арызынын негизинде Кылмыш жаза кодексинин 208-беренесине ылайык сотко чейинки өндүрүш иши башталган. 27-декабрь күнү сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында, кылмышка шектүү жарандын аты-жөнүн аныктоо жана аны колго түшүрүү боюнча тийиштүү тергөө-ыкчам иштери жүргүзүлдү. Жабырлануучунун үйүнөн 10 миң сом өлчөмүндө акча каражаттарын алып жаткан жеринен Ак-Суу районуна караштуу Бурма-Суу айылынын 28 жаштагы тургуну кармалды. Кылмышка шектүү катары кармалган жаран Каракол шаарынын Салык кызматынын кызматкери экендиги белгилүү болду. Ал камакка алынды. Тергөө амалдары уланууда.