Ысык-Көлдө алдамчылык үчүн кримтөбөл кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.
Балыкчы ШИИБ тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен козголгон кылмыш ишинин алкагында 49 жаштагы жергиликтүү тургун кармалган.
Маалыматка караганда, милицияга Ысык-Көл облусунун тургуну кайрылып, алданып калганын айткан. Алдамчылык аракеттердин натыйжасында, арыз ээсине 3 миллион сомдон ашык материалдык зыян келтирилген.
Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө бул кылмышка тиешеси бар шектүү адам аныкталып, кармалган. Алынган маалыматтар боюнча, кармалган шектүү жаран кылмыш дүйнөсү менен тыгыз байланышта экени жана анын идеологиясын карманары, ошондой эле Балыкчы шаарында кримтөбөл экени аныкталган. Кармалган жаран сот тарабынан баш коргоо чарасы кабыл алынганга чейин Балыкчы шаардын милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.










