Кечээ, 14-июль күнү Ысык-Көл районунун Булан-Сөгөттү айылындагы эс алуу жайларынын биринин пляжында 7 жаштагы баланы суудагы скутер сүзүп кеткен. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.
Аталган факты Ысык-Көл РИИБге катталып, окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу жөнөтүлгөн. Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгында скутердин айдоочусу — 1978-жылы туулган Булан-Сөгөттү айылынын тургуну кармалып, Бостери айылдык милиция бөлүмүнө жеткирилген.
Жабыркаган бала райондук ооруканага жеткирилип, дарыгерлер анын абалын туруктуу деп баалашты. Ошондой эле жабырлануучуга карата соттук-медициналык экспертиза дайындалды.











