Ысык-Көлдө балык уулап жаткан жаран милицияга түштү

Кечээ, 24-майда Ой-Тал айылындагы көл жээгинен мыйзамсыз балык уулап жаткан жаран кармалды. Кармалган жарандан 16 судак балыгы жана 100 метр узундуктагы «Перемет» кармоочу куралы алынган. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

Бул факты Түп РИИБдин маалымат электрондук журналына катталып, юридикалык баа берүү үчүн материалдар райондук милициянын тергөө кызматына өткөрүп берилген. Мындан тышкары, келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоо максатында, Мамэкотехинспекциянын Каракол шаары, Түп, Ак-Суу, Жети-Өгүз райондору боюнча башкармалыгына тиешелүү материалдар жөнөтүлдү.

Өкмөттүн 2015-жылдагы токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын сууларында эс алуу жана спорттук балык уулоо эрежелерине ылайык, «Перемет» балык кармоого тыюу салынган түрлөрүнө кирет. Перемет — ырайымсыз балыкты кармоо түрүнө кирип, алардын урук чачуусуна өзгөчө тоскоол болот. Түзүлүшү боюнча, балык улоочу көп илгичтери коюлган узун боо түрүндө. Бирок илгичтерге жем салынбайт. Анын жанынан өтүп бараткан балыктар капталдары менен курч илгичтерге илинип калышат. Мындай балык улоонун түрүнөн жабыркаган балыктардын ички түзүлүшү бузулуп чирип, ооруп өлөт.