Ысык-Көлдө баңгизат сатуу менен алектенген топту атайын кызмат кармады (видео)

Ысык-Көлдө ири өлчөмдө баңгизат сатуу менен алектенген кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

Декабрь айынын башында облустук ички иштер башкармалыгына аймактын үч тургуну мыйзамсыз сатып өткөрүү максатында үйлөрүндө ири өлчөмдө баңги затын сактап жүрүшкөндүгү тууралуу маалымат түшкөн. Аталган маалымат Ысык-Көл ОИИБге катталып, Жазык кодексинин 282-беренесинин (баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Баңги заттарын мыйзамсыз өткөрүүнү көздөп жаткан жарандардын аты-жөнү аныкталып, алардын 38, 39 жана 26 жаштагы Ак-Суу районунун тургундары экени такталган. Андан аркы жүргүзүлгөн иштердин жүрүшүндө, шектүүлөр баңги заттарды унаага алмаштырууну көздөп жүрүшкөнү белгилүү болот.

42 даана ширеңке кутучасына салынган баңги заттарын өткөрүп жаткан жеринен, кылмышка шектүү болгон жарандар милиция кызматкерлери тарабынан кармалышкан. Андан тышкары, 39 жаштагы жарандын үйүн санкцияланган тинтүү иштерин жүргүзүү учурунда, жапайы кендирдин жыты бар өсүмдүк табылып алынды. Кылмышка шектүү катары кармалган жарандарга карата Каракол шаардык сотунун чечими менен 2 айга камакка алуу баш коргоо чарасы кабыл алынды. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында тергөө амалдары уланууда.