Кечээ, 18-ноябрда Ысык-Көл ОИИБдин туристтик-экологиялык милициясынын кызматкерлерине белгисиз жаран Балыкчы шаарынын четинде жырткыч кушту сатууга аракет көрүп жатканы тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул тууралуу ИИМден маалымдашты.
Бул маалымат боюнча милиция кызматкерлери тарабынан жырткыч кушту сатууга аракет кылган жаранды аныктоо боюнча ыкчам издөө иштери колго алынып жүргүзүлдү. Издөө иштеринин натыйжасында, болжол менен бүркүт жырткыч кушун сатып жаткан жеринен Чүй облусунун 51 жаштагы тургуну кармалды. Текшерүү жүргүзүү учурунда, аталган жаранда сатууга тиешелүү уруксат документтери жок болуп чыкты. Аталган факты Балыкчы ШИИБдин маалымат электрондук журналына катталып, мыйзам чегинде чечим кабыл алуу үчүн топтолгон иш кагаздар шаардык милициянын тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Учурда тергөөгө чейинки иш-чаралары өтүүдө.
24-июль күнү Кемин райондук ички иштер бөлүмүнө Кемин шаарынын тургуну, 1963-жылы туулган П.Л. аттуу жаран Кемин шаарынын Панфилов көчөсүндө жайгашкан...
Жалал-Абад маданият техникумунун директору абитуриенттерден пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. УКМК билим берүү системасындагы коррупциялык көрүнүштөрдү...
Кыргызстандын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу ветеринардык кызматтын Бишкек башкармалыгынын эсепчиси кармалды. Бул тууралуу...