Ысык-Көлдө дайынсыз болуп жаткан 29 жаштагы кыздын сүрөтү жарыяланды

Ысык-Көлдө дайынсыз жоголгон 29 жаштагы Казакстандын жаранын издөө үчүн кошумча күчтөр тартылды. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, ал жоголгондон бери коопсуздук күчтөрү жана куткаруучулар аймактын 20 чарчы чакырымдан ашык жерин текшеришкен.

«Бүгүнкү күндө Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын жана Ак-Суу райондук ички иштер башкармалыгынын жүздөн ашуун кызматкерлери, ошондой эле ӨКМдин аймактык башкармалыктарынын куткаруучулары издөө иштерине тартылды. Издөө иштери үч багытта жүргүзүлдү: тоо этегиндеги дарыянын жээгинде, токой тилкесинде жана тоодо», — деп билдиришти ОИИБден. 

Эске салсак, кыз 15-июлда жоголгон. Ал үй-бүлөсү менен бирге Караколдогу Ала-Көл жайлоосуна келген. Туристтер Каракол дарыясындагы көпүрөдөн өтүп, отунга барышкан. Варвара экинчи тарапта калган. Ошондон бери аны эч ким көргөн эмес. Үй-бүлө Кыргызстанга Орусиядан келген. Үй-бүлөнүн үч мүчөсү орустар, экөө казакстандыктар. Азырынча аны издөө натыйжа бере элек.