Ысык-Көлдө дайынсыз болуп жаткан 31 жаштагы жаран асылган абалда табылды

Ысык-Көл облусунун Түп районунда 31 жаштагы жаран асылган абалда табылды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, жарандын жансыз денеси асылган абалда 10 күндөн ашык убакытка туруп калган. Ошондуктан анын өздүгүн рюкзагындагы телефону аркылуу гана тактоого мүмкүн болгон.

«19-июлда Түп районунда 31 жаштагы жарандын жансыз денеси чычырканакка асылган абалда табылды. Анын асылып турганына 10 күндөн ашык убакыт болгондуктан, денеси көгөрүп таанылбай калган. Жанындагы рюкзакта телефону болгон. Телефондун жардамы менен жакындарын табылып, өздүгү такталды. Жансыз денеге кароо жүгүзүлгөн учурда зомбулуктун белгилери байкалган эмес»,- дешти ОИИБден.

Эске салсак, маркум 7-июлда Бишкек шаарынан Чолпон-Атага кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан.