Ысык-Көлдө «Хизбут-Тахрир» экстремисттик уюмунун мүчөсү кармалды

Ысык-Көл облусунда «Хизбут-Тахрир-Аль-Ислами» экстремисттик уюмунун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

Жети-Өгүз РИИБдин ыкчам кызматкерлерине райондун аймагында белгисиз жаран Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту тарабынан диний-экстремисттик уюм катары таанылган жана анын ишмердүүлүгүнө тыюу салынган «Хизбут-Тахрир-Аль-Ислами» уюмунун идеясын таратып жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Аталган маалымат райондук милицияга катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинин (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) негизинде кылмыш иши козголгон.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө маалыматта көрсөтүлгөн жаран такталган. Ал Ак-Терек айылынын 51 жаштагы тургуну болуп чыккан жана анын үйүндө мыйзамдуу тинтүү иштери жүргүзүлгөн. Тинтүү иштеринин жүрүшүндө бир катар адабияттар, ноутбуктар жана принтерлер табылган. Соттук-теологиялык экспертизасы, алынган адабияттын мазмунунда Кыргызстанда тыюу салынган «Хизбут-Тахрир-Аль-Ислами» диний-экстремисттик уюмунун идеялары бар экенин аныктаган. Мындан тышкары, кармалган жаран тыюу салынган экстремисттик уюмдун чакырыктарын социалдык тармактар аркылуу таратканы да айгиленген.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган жаранга кылмышка шектүү катары айыбы угузулду. Райондук соттун чечими менен тергөө амалдарынын жүрүшүндө шектүү жаранга карата 2 айга камакка алуу баш коргоо чарасы тандалды.