Кечээ, 8-июлда «Көгүлтүр Ысык-Көл» санаторийинде индиялык жаранды сабап салууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, милицияга Бишкек шаарынын 29 жаштагы тургуну кайрылып, болжол менен саат 17:00дө катамаранды ижарага алуу учурунда чыккан чырдан улам катамарандардын ээси анын күйөөсүн сөгүп, бир нече жолу уруп жибергенин айткан. Ал Индиянын жараны болгон. Аталган факты Жазык кодексинин 119-беренеси менен катталып, кылмыш иши козголгон.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүүнүн аты-жөнү аныкталган. Анын Чолпон-Ата шаарынын 1983-жылы туулган тургуну экени такталган. Учурда тергөө иштери уланып жатат.