Ысык-Көлдө инвестордон 12 миң доллар алууга шектелип жергиликтүү кеңештин депутаты кармалды

Ысык-Көлдө жергиликтүү кеңештин депутаты өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

30-майда оперкызматкер Ысык-Көл РИИБдин тергөө кызматына баяндама менен кайрылган. Ал өз билдирүүсүндө социалдык тармактарда Чолпон-Ата шаардык кеңешинин депутаты инвестордун ишине тоскоолдук кылып, андан ири өлчөмдө акча талап кылып жатканы тууралуу маалымат жарыяланганын билдирген. Аталган маалымат Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (опузалап талап кылуу) менен кылмыш иши козголгон.

Көп өтпөй, милиция кызматкерлери тарабынан 44 жаштагы Чолпон-Ата шаарынын тургуну, шаардык кеңештин депутаты аныкалган. Жүргүзүлгөн териштирүү иштеринин жүрүшүндө, шаардык кеңештин депутаты 2015-жылы Чолпон-Ата мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы менен, шаардын жээк жагында жайгашкан жалпы пайдалануудагы жер тилкесин пляждык зонаны уюштуруу үчүн беш жылдык мөөнөткө ижарага алуу боюнча келишим түзгөндүгү аныкталган. Ижара мөөнөтү бүткөндөн кийин ал ижара мөөнөтүн узартты боюнча кайрадан Чолпон-Ата шаарынын мэриясына кайрылып, бирок Чолпон-Ата мэриясы ижара мөөнөтүн узартуудан баш тарткан. Буга байланыштуу шаардык кеңештин депутаты пролонгацияга таянып, Ысык-Көл райондук сотуна кайрылган. Соттук териштирүүлөрдүн жүрүшүндө аталган жер тилкеси камакка алынып, учурда сот процесси уланып жаткандыгы аныкталган.

Териштирүүнүн жүрүшүндө, 2022-жылы инвестор Чолпон-Ата шаарынын мэриясына беш жылдыздуу мейманкана куруу максатында жер тилкесин ижарага берүү үчүн кайрылгандыгы белгилүү болгон. Мэрия тарабынан, шаардык депутат менен Чолпон-Ата шаарынын мэриясынын ортосунда соттук териштирүү жүрүп жаткан жер участогуна жакын жайгашкан жер тилкеси бөлүнүп берилгендиги маалым болгон. Мейманкананы куруу үчүн инвесторго кошумча жер тилкеси керек болуп, коңшу жер тилкеси боюнча соттук териштирүү жүрүп жатканын билбей туруп, ал кайрылган. Ал эми, шаардык депутат болсо, инвесторго соттук териштирүү боюнча туура эмес маалымат берип, бул жер тилкеде курулуш иштерин жүргүзгөндүгү боюнча да жалган маалымат берип, инвестордун ишенимине кирүү менен, бул чыгымдардын ордун толтурууну сунуш кылган. Натыйжада, шаардык кеңештин депутаты инвестордон 12 миң доллар акча каражатын алдоо жолу менен алганы аныкталган.

Аныкталган жагдайларга байланыштуу кылмыш иши Ысык-Көл ОИИБдин тергөө кызматынын өндүрүшүнө алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинен (опузалап талап кылуу) 209-беренесине (Алдамчылык) кайра квалификацияланган.

5-июнь күнү Ысык-Көл ОИИБдин тергөө кызматы тарабынан тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында жана Жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесине (кармоонун негиздери) ылайык, алдамчылык фактысына шектелген Чолпон-Ата шаарынын 44 жаштагы тургуну, шаардык кеңештин депутаты кармалып, Каракол ШИИБдин убактылуу-кармоочу жайына 48 саатка киргизилди. Козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө амалдары уланууда.