Бүгүн, 6-октябрга караган түнү саат 3:18де Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында “жанаша жайгашкан кичи маркеттердин бири күйүп жатат” деген маалымат ӨКМге түшүп, ал жерге саат 3:19да биринчи күжүрмөн эсеп чыгып кеткен.
Учурда өрт чектөөгө алынып, толук өчүрүү боюнча иштери жүрүп жатат. 28 куткаруучу, 3 офицер иш алып барууда. Өрттүн келип чыгуу себеби жана чыгымдар такталууда, бактыга жараша жабыркагандар жок. 2 соода түйүнү жана эмерек жасоочу жайы күйүп, болжол менен тилсиз жоо 1900 чарчы метрлик аянтты кучагына алган.