Ысык-Көлдө мыйзамсыз баңгизат сатууга аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.
Шектүү Ысык-Көл районунун Чоң-Өрүктү айылынын тушунда, Балыкчы–Ананьево–Каракол унаа жолунда кармалган. 1992-жылы туулган жаран 76 ширеңке кутучасына салынган наркотикалык затын мыйзамсыз жүгүртүүгө аракет кылып жаткан жеринен кармалган. Тергөө кызматы тиешелүү тергөө чараларын жүргүзүп, алынган затка соттук-химиялык экспертиза дайындалган. Экспертизанын жыйынтыгында алынган зат гашиш экени аныкталып, шектүү соттун чечими менен 2 айга камакка алынды.