Ысык-Көлдө эки жигит мал уурдоого шектелип кармалышты

Ысык-Көлдө мал уурулукка шектелип 2 жаран кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, кызматкерлер Балыкчы-Ананьево-Каракол жолунун Тамчы айылынан Фольксваген-Пассат унаасын токтотушкан. Унаанын тийиштүү иш кагаздарын текшере башташканда, айдоочу —  Кош-Көл айылынын 20 жаштагы тургуну жана ошол эле айылдын тургуну 21 жаштагы жүргүнчүсү тынчсызданып башташкан. Милиция кызматкерлери унаага кароо жүргүзүүнү чечишет. Кароо жүргүзүү учурунда, багажнигинен 2 баш кой табылган. Тийиштүү уруксат кагаздары болгон эмес.

Жагдайды аныктоо максатында, алар Ысык-Көл РИИБдин тергөө кызматына алып келинген. Алып келинген жарандарды сурак жүргүзүү учурунда, алар айылдашынан 2 баш койду уурдап, Токмок шаарына сатып жиберүүгө бара жаткандыгы аныкталат. Аталган факты катталып, Жазык кодексинин 200-беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында, жабырлануучуга 20 миӊ сом өлчөмүндө материалдык зыян келтирилгени тастыкталат. Учурда жабырлануучуга материалдык зыян толугу менен кайтарылып берилген. Тергөө амалдары уланып жатат.