Ысык-Көлдө жергиликтүү тургундан 410 миң сом жана 2 миң доллар опузалаган шектүүлөр кармалды
Ысык-Көл облусунда опузалап акча талап кылган ИИМдин каттоосунда турган уюшкан кылмыштуу топтун 3 мүчөсү кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
4-февралда Түп районунун Шаты айылынын 32 жаштагы тургунуна белгисиз 3 жаран келип, андан 410 миң сом жана 2 миң доллар акча талап кылышкан.
Бул факт боюнча Жазык кодексинин 203-беренесинин 2-бөлүмүнө ылайык (опузалап талап кылуу) кылмыш иши козголгон.
Аталган кылмышка шектелип Чолпон-Ата шаарынын 22 жана 24 жаштагы эки тургуну жана Талас облусунун 29 жаштагы тургуну кармалып, Каракол ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
https://serep.kg/wp-content/uploads/2021/02/198018_w_h500_1613022951_r.jpeg" alt="" width="430" height="500" />
https://serep.kg/wp-content/uploads/2021/02/198017_w_h500_1613022950_r.jpeg" alt="" width="347" height="500" />
https://serep.kg/wp-content/uploads/2021/02/198016_w_h500_1613022950_r.jpeg" alt="" width="395" height="500" />