Ысык-Көлдө жол тандабас көпүрөдөн кулап, 27 жаштагы жигит жан берди

Ысык-Көлдөгү жол кырсыктан бир адам көз жумду. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык бүгүн, 4-февралда саат 07:20 чамасында Ысык-Көл районунун Григорьевка айылында катталган. Toyota Land Cruiser үлгүсүндөгү унаа көпүрөдөн түшүп кеткен. Ал жерге 3 куткаруучу тартылып, 27 жаштагы жигиттин жансыз денесин унаадан чыгарышып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришти.