Ысык-Көлдө кампа өрттөнүп жатат (сүрөт)

Бүгүн, 21-декабрда Ак-Суу районуна караштуу Теплоключенко айылынын Гагарин көчөсүндө жайгашкан кампадан өрт чыккан. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Өрттү өчүрүүгө саат 11:215те райондук №39 өрткө каршы бөлүктөн 1, буга кошумча 11:45те дагы 1, жалпысынан 2 күжүрмөн эсеп тартылган. Тилсиз жоо саат 12:12де чектөөгө алынып, учурда толук өчүрүү иштери жүрүүдө.