Ысык-Көлдө катталбаган ок атуучу курал менен аңчылык кылып жаткандар кармалды

Ысык-Көлдө катталбаган ок атуучу курал менен аңчылык кылган эки жаран аныкталды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

23-февраль күнү Түп РИИБге белгисиз адамдар райондун борборунун четиндеги талаада мыйзамсыз ок атуучу курал менен аңчылык кылып жатканы билдирилген. Аталган маалыматты текшерүү үчүн окуя болгон жерге милиция кызматкерлери жиберилген. Текшерүүдө аталган жерде аңчылык кылып жаткан эки жаран аныкталган. Алар Түп айылынын 31 жаштагы тургундары экени аныкталып, алардан сайлуу «ТОЗ-8» жана 12-калибрдеги сайсыз ок атуучу куралдар, ошондой эле 17 даана ок-дарысы табылган. Сайлуу мылтык ички иштер органдарында катталбагандыгы аныкталган. Аталган факты боюнча 267-берене (куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) менен кылмыш иши козголуп, соттук-баллистикалык экспертиза дайындалды. Тергөө иштери уланууда.