Ысык-Көлдө каза болгон 23 жаштагы жигит. Соттун чечими боюнча жакындары эмне дешти?

2023-жылдын 6-августунда Бостери айылынын аймагында жайгашкан “Алтын Кум” пансионатынын көл жээгинде Талас облусунун 23 жаштагы тургуну каза болгон. Ысык-Көл ОИИБден маалымат беришип, алгачкы сырткы кароо иштери жүргүзүлгөндө, жигиттин денесинде кандайдыр бир криминалдык тактар байкалбаганын билдиришкен. Буга жакындары нааразы болушуп, жансыз денеде тактар бар экенин айтып чыгышкан. Мындан улам окуяны мамлекет башчысы Садыр Жапаров өз көзөмөлүнө алып, укук коргоо органдарына тергөө жүргүзүүнү тапшырган.

Көп өтпөй шектүү жарандар аныкталып, Ысык-Көл РИИБдин тергөө кызматына өткөрүлгөн. Алар мурда соттолгон Бишкек шаарынын 32 жаштагы тургуну Б.Б., Бостери айылынын тургундары 28 жаштагы Ж.Р. жана А.У., ошондой эле 29 жаштагы Э.А. болгон.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ысык-Көл облустук сотунан шектүүлөргө карата райондук сот чечим чыгарганын билдиришти. 4 шектүү тең 15 жылга эркинен ажыратылган. Редакция соттун чечими боюнча маркумдун бир туугананына кайрылганыбызда, аларга 15 жылга эркинен ажыратылышканын укканын, бирок колдоруна чечим боюнча кагаздарды ала электигин айтышты.

«Биз алардын өмүр бою эркинен ажыратылышын талап кылабыз. Жөн жерден эле агамды өлтүрүп коюп жатышат. 15 жыл аз. 15 жыл бат эле өтөт. Алар чыгып, канча адамдын көз жашын төгүшөт? Сот ошондой чечим чыгарды, айла жок экен», — деди бир тууганы. Ал облустук сотко кайрылабы же жокпу азырынча айта албай турганын билдирди.