2023-жылдын 6-августунда Бостери айылынын аймагында жайгашкан “Алтын Кум” пансионатынын көл жээгинде Талас облусунун 23 жаштагы тургуну каза болгон. Ысык-Көл ОИИБден маалымат беришип, алгачкы сырткы кароо иштери жүргүзүлгөндө, жигиттин денесинде кандайдыр бир криминалдык тактар байкалбаганын билдиришкен. Буга жакындары нааразы болушуп, жансыз денеде тактар бар экенин айтып чыгышкан. Мындан улам окуяны мамлекет башчысы Садыр Жапаров өз көзөмөлүнө алып, укук коргоо органдарына тергөө жүргүзүүнү тапшырган.
Көп өтпөй шектүү жарандар аныкталып, Ысык-Көл РИИБдин тергөө кызматына өткөрүлгөн. Алар мурда соттолгон Бишкек шаарынын 32 жаштагы тургуну Б.Б., Бостери айылынын тургундары 28 жаштагы Ж.Р. жана А.У., ошондой эле 29 жаштагы Э.А. болгон.
СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ысык-Көл облустук сотунан шектүүлөргө карата райондук сот чечим чыгарганын билдиришти.
- Ысык-Көл райондук сотунун 5-апрелдеги өкүмү менен Б.Б.Т. Кылмыш жаза кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүгүнүн 5,15-пунктары боюнча күнөөлүү деп таанылып, 15 жылга эркиндигинен ажыратылган. Ал жазасын жалпы тартиптеги түзөтүү абактарында өтөөсү белгиленген. Жаза өтөө мөөнөтү 2023-жылдын 12-августунан баштап эсептелинген.
- Э.А.К. Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүгүнүн 5,15-пунктары боюнча күнөөлүү деп таанылып, 15 жылга эркиндигинен ажыратылган. Ал жазасын жалпы тартиптеги түзөтүү абактарында өтөөсү белгиленген.
- Ж.Р.К. Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүгүнүн 5,15-пунктары боюнча күнөөлүү деп таанылып, 15 жылга эркиндигинен ажыратылган.
- А.У.А. Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүгүнүн 5,15-пунктары боюнча күнөөлүү деп таанылып, 15 жылга эркиндигинен ажыратылган.