Ысык-Көлдө каза болгон 23 жаштагы жигит. Сот шектүүлөрдү 15 жылдан эркинен ажыратты

2023-жылдын 6-августунда Бостери айылынын аймагында жайгашкан “Алтын Кум” пансионатынын көл жээгинде Талас облусунун 23 жаштагы тургуну каза болгон. Ысык-Көл ОИИБден маалымат беришип, алгачкы сырткы кароо иштери жүргүзүлгөндө, жигиттин денесинде кандайдыр бир криминалдык тактар байкалбаганын билдиришкен. Буга жакындары нааразы болушуп, жансыз денеде тактар бар экенин айтып чыгышкан. Мындан улам окуяны мамлекет башчысы Садыр Жапаров өз көзөмөлүнө алып, укук коргоо органдарына тергөө жүргүзүүнү тапшырган.

Көп өтпөй шектүү жарандар аныкталып, Ысык-Көл РИИБдин тергөө кызматына өткөрүлгөн. Алар мурда соттолгон Бишкек шаарынын 32 жаштагы тургуну Б.Б., Бостери айылынын тургундары 28 жаштагы Ж.Р. жана А.У., ошондой эле 29 жаштагы Э.А. болгон.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ысык-Көл облустук сотунан шектүүлөргө карата райондук сот чечим чыгарганын билдиришти.

Айыпталуучулардан биргеликте жабырлануучунун пайдасына 180 миң сом материалдык зыян өндүрүлгөн. Шектүүнүн баарынан 250 миң сом моралдык залал компенсацияланган.