Талас облусунун 23 жаштагы тургунунун өлүмү боюнча ИИМдин үч милиция кызматкерине кылмыш иши козголуп, камакка алынды.
- Тергөө амалдарынын жүрүшүндө, Ысык-Көл РИИБдин тергөө кызматы тарабынан жайкы туристтик мезгилинде коомдук коопсуздукту камсыз кылууга тартылган милиция кызматкерлери тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталган. Аталган факты катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголгон. Кылмыш иши боюнча ИИМдин Атайын багыттагы полкунун милиционерлери кармалып, камакка алынды. Райондук соттун чечими менен аларга карата 2 айга камакка алуу баш коргоо чарасы кабыл алынды. Тергөө амалдары уланууда.
СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги маркумдун бир тууганы менен байланышканыбызда, учурда үй-бүлөнүн абалы дагы эле оор болуп жатканын айтып, күнөөлүүлөр жазасын алышы керектигин билдиришти. «Кармалган 3 милиция кызматкери жазасын алсын. Айтарыбыз ушул. Мыйзамдуу түрдө жоопко тартылсын. Алар кимдин жакындары болсо да, жазасыз калбасын», — деди ал.
Маанилүү кабарларды өткөрүп жибербеңиз!
Биздин Телеграм канал: @serepkg