Талас облусунун 23 жаштагы тургунунун өлүмү боюнча ИИМдин үч милиция кызматкерине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Тергөө амалдарынын жүрүшүндө, Ысык-Көл РИИБдин тергөө кызматы тарабынан жайкы туристтик мезгилинде коомдук коопсуздукту камсыз кылууга тартылган милиция кызматкерлери тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталган. Аталган факты катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголгон. Кылмыш иши боюнча ИИМдин Атайын багыттагы полкунун милиционерлери кармалып, камакка алынды. Райондук соттун чечими менен аларга карата 2 айга камакка алуу баш коргоо чарасы кабыл алынды. Тергөө амалдары уланууда.
Маанилүү кабарларды өткөрүп жибербеңиз!
Биздин Телеграм канал: @serepkg