19-февралда Каракол ШИИБге арыз менен Каракол шаарынын 1993-жылы туулган тургуну кайрылган. Ал арызында 18-февраль күнү саат 21:30 чамасында Каракол шаарында жайгашкан үйүнүн алдынан 1994-жылы туулган мурдагы жолдошу кезигип, пикир келишпестиктин негизинде кол көтөрүп, сабап денесине жаракат келтиргенин билдирген. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.
Аталган факты Каракол ШИИБге катталып, тергөөгө чейинки териштирүү иши башталган. Келиндин дене жаракатын аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Териштирүү иштеринин жүрүшүндө, жабырлануучу шектүү менен 2016-жылы баш кошуп, бирге жашаганы, 2019-жылдан баштап келин үй-бүлөлүк зомбулукка кабылып, Каракол ШИИБге 7 жолу арыз менен кайрылганы аныкталган.
Чогултулган материалдарда “уруп-сабап кыйноо” фактысынын белгилери бар болгондугуна байланыштуу, Кылмыш жаза кодексинин 138-беренеси (уруп-сабап кыйноо) негизинде кылмыш иши козголгон. Козголгон кылмыш ишинин алкагында, 1994-жылы туулган жаран шектүү катары кармалып, Каракол шаардык соту тарабынан 1 айга камакка алынды.











