Ысык-Көлдө козу карын тергени кетип, каза болгон өспүрүмдүн аскадан кулап кеткени айтылды

ӨКМ маалымат таратып, Ысык-Көлдө козу карын тергени кеткен 17 жаштагы өспүрүмдүн жансыз денеси табылганын билдиришкен. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ысык-Көл ОИИБден окуя тууралуу маалымат беришип, өспүрүмдүн 17 эмес 15 жашта экенин билдиришти.

19-июль күнү Жети-Өгүз РИИБге Кичи-Жаргылчак айылынын 2007-жылы туулган тургуну козу карын тергени Барскоон шаркыратмасынын аймагына кетип, дайынсыз болуп жаткандыгы кабарланган. Аталган кабар боюнча, өспүрүмдүү издөө иштерине райондук милициянын кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар тартылган. Издөө иштеринин жүрүшүндө, өспүрүмдүн жансыз денеси Баркоон-Кумтөр жолунун үчүнчү көпүрөсүнүн жанындагы тоонун аймагында табылган.

Бул факт Жети-Өгүз РИИБдин маалымат электрондук журналына катталып, өспүрүмдүн каза болгон себептерин аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө. Алдын ала айтылган маалыматтарга караганда, өспүрүм аскадан түшүп кеткен.