Буга чейин ӨКМ маалымат таратып, Жети-Өгүздө 17 жаштагы өспүрүмдүн козу карын тергени кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын билдирген. Ошондой эле кечээ, 19-июлда кеч киргендиктен аны издөө убактылуу токтотулганын айтышкан.
Бүгүн, 20-июлда анын жансыз денеси табылганын билдиришти. «19-июлда Барскоон капчыгайына козу карын тергени чыгып кеткен Кичи-Жаргылчак айылынын 17 жаштагы тургунунун дайынсыз жок болуп жаткандыгы тууралуу маалымат саат 18:00 чамасында Жети-Ɵгүз райондук Ɵзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө түшкөн. Мындан улам кечээ издѳѳ иштери жүргүзүлүп, кеч киргендигине байланыштуу токтотулган»,- деп айтылат маалыматта.
Бүгүн саат 05:20да баланын сөөгүн туугандары табышкан. Ал эми анын сөөгүн ӨКМ кызматкерлери тоодон түшүрүп беришкен.