Ысык-Көлдө «Кумтөрдөн» солярка уурдагандар кармалды

Ысык-Көлдө уурулукка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

Алардын маалыматы боюнча, 29-майда түнкү саат 02:30 чамасында Ысык-Көл ОИИБдин туристтик-экологиялык милициянын кызматкерлери Жети-Өгүз районуна караштуу Сырт өрөөнүнүн «Сары-Мойнок» тилкесинде кайгуул-күзөт иштерин жүргүзүп жатышкан. Ауди С4 унаасын токтотуп, текшерген учурда, анын ичинен канистраларга куюлган 300 литр солярка күйүүчү майы табылган.

Милиция кызматкерлерине буга чейин, «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын айрым кызматкерлери, ишканадан күйүүчү майларды уурдашып, жакынкы айылдардын тургундарына сатып жатышкандыгы жөнүндө маалымат түшкөндүктөн, алар унаанын айдоочусун жана жүргүнчүсүн Барскоон айылынын тургундарын сураштыра башташат. Алардын айтымында, солярканы «Кумтөр Голд Компани» ишканасында жол түздөө атайын техникасында иштеген кызмкаткеринен сатып алышканын билдирген.

Андан кийинки жүргүзүлгөн териштирүү иштеринин натыйжасында, күйүүчү майды саткан жаран аныкталган. Ал «Кумтөр Голд Компани» ишканасы менен келишимдин негизинде иштеп жаткан “Тарылга Сервис” подряддык жеке уюмунун кызматкери, Барскоон айылынын 29 жаштагы тургуну болуп чыккан. Тергөө уланууда.