Ысык-Көлдө «Кумтөргө» жумушка киргизем» деп акча алып, из жашырган шектүү кармалды

«Кумтөргө» жумушка орноштурууга убада кылып, 80 миң сомду алдоо жолу менен алып кеткен шектүү кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

Апрель айынын аягында Балыкчы ШИИБге 30 жаштагы аял кайрылган. Аялдын айтымында, өткөн жылдын ноябрь айында Кайрат аттуу чоочун адам ишенимине кирип, жолдошун 80 миң сомго «Кумтөргө» жумушка орноштурууну убада кылган. Акчаны алгандан кийин изин жашырып кеткен.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон. Шектүү Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылынын 41 жаштагы тургуну болуп чыккан. Кармалган жаран күнөөсүн толугу менен мойнуна алган. Шаардык соттун чечими менен кармалган шектүүгө карата тергөө амалдарын жүргүзүү учурунда 2 айлык мөөнөткө камакка алуу түрүнө бөгөт коюу чарасы тандалды.