Ак-Суу районунда жайгашкан Жыргалаң шахтасында кечээ, 22-декабрь күнү карагай кыйып жаткан учурда 1986-жылы туулган жаранды карагай басып калган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Кырсык катталган жерге куткаруучулар тартылып, маркумдун жансыз денесин карагайдын алдынан алып чыгышып, туугандарына өткөрүп беришкен.