Ысык-Көлдө малын жоготкон жаран камыштарды өрттөп жиберди

Ысык-Көлдө жергиликтүү тургун малын жоготуп алгандыктан, көлдүн жээгиндеги камыштарды өрттөгөн. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

Кечээ, 6-февраль күнү саат 15:00 чамасында Ысык-Көл ОИИБдин туристтик-экологиялык милициясынын кызматкерлери Тоң районуна караштуу Боз-Бармак тилкесинде кайгуул кызматын өтөп жатышып, көлдүн жээгиндеги камыш күйүп жатканын байкашат. Бул факты боюнча Балыкчы ШИИБге жана ӨКМдин аймактык өрт өчүрүү кызматына билдирүү берилет. Кызматкерлер тарабынан өрт өчүрүлгөн. Орун алган өрт болжол менен бир гектардан ашык аянттагы камышты жок кылган.

Кылмышка шектелип, Балыкчы шаарынын 62 жаштагы тургуну аныкталган, жаран өз күнөөсүн толугу менен мойнуна алган. Анын айтымында, 3 бодо малы камыштардын ичине кирип кетип, жок болгондуктан, аларды издөө максатында камыштарга өрт койгон. Аталган факты боюнча юридикалык баа берүү үчүн материалдар Тоң РИИБдин тергөө кызматына өткөрүп берилди.