Ысык-Көлдө мыйзамсыз аңчылык үчүн алты жаран кармалды. Алар болжолдуу тоо текени атышкан

Ысык-Көлдө мыйзамсыз аңчылык үчүн алты жаран кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

26-февраль күнү туристтик-экологиялык милициясынын кызматкерлери жана «Илбирс» коомдук фондусунун өкүлү мыйзамсыз аңчылык кылып жүргөн жеринен Нива-Тайга жана Nissan Patrol үлгүсүндөгү унааларын Жети-Өгүз районунун сырт өрөөнүнүн Жаман-Эчки коктусунун кире беришинен токтотушкан. Унааларды текшерүүдө Барскоон айылынын 45, 51 жаштагы тургундары, Бишкек шаарынын 50, 60, 58, 60 жаштагы тургундары тиешелүү болгон 4 сайлуу жана 2 сайсыз ок атуучу куралдар табылып алынган. Андан тышкары, унаадан кара пакетке салынган, болжолдуу тоо текесине тиешелүү болгон жаңы союлган эт табылган.

Аталган факты боюнча материалдар катталып, кылмыш иши козголду. Керектүү экспертизалар дайындалды. Учурда тергөө амалдары уланууда.