Ысык-Көлдө мыйзамсыз карагай кыйгандар аныкталды

Ысык-Көлдө бактарды мыйзамсыз кыйган деп жергиликтүү тургун шектелүүдө. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

19-ноябрь күнү Ак-Суу РИИБдин кызматкерлери тарабынан алынган маалымат боюнча Пионер айылынын 24 жаштагы тургунунун үйүндө мыйзамдуу тинтүү иштери жүргүзүлгөн. Кароо учурунда анын үйүнөн ар биринин узундугу 5 метрди түзгөн, 16 даана мыйзамсыз кыйылган Тянь-Шань карагайы табылган. Бул факты Ак-Суу РИИБге катталып, жоруктар жөнүндө кодексинин 147-беренеси (дарактарды жана бадалдарды мыйзамсыз кыюу) менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Материалдык зыяндын өлчөмүн аныктоо үчүн материалдар тийиштүү мамлекеттик органдарына жиберилген.