Ысык-Көлдө кечки намаз убагында мечиттен уюлдук телефондорду уурдаган жарандар кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.
Ысык-Көл РИИБге маалымат түшүп, анда Чоң-Сары-Ой, Өрнөк, Чок-Тал жана Тамчы айылдарында жайгашкан мечиттерден белгисиз жарандар намаз учурунда киришип, кийим илүүчү жайда илинип турган кийимдерден уюлдук телефондорду уурдап кеткендиги жөнүндө маалымдалган. Окуя орун алган жерлерге райондук милициянын тергөө-ыкчам тобу барганда, белгисиз жарандардын кылмыш аракетинен жабыр тарткан 9 жабырлануучу аныкталган. Бардык жабырлануучулардан арыздар алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (уурдоо) негизинде кылмыш иштери козголгон.
Жалпысынан жабырлануучуларга болжол менен 120 миң сом өлчөмүндө зыян келтирилген. Көрүлгөн тергөө-ыкчам иш аракеттеринин жүрүшүндө, милиция кызматкерлери тарабынан 2 күндүн ичинде кылмыш жасаган шектүүлөр аныкталып, алар Балыкчы шаарынан колго түшүрүлгөн. Кармалган шектүүлөр Чүй облусунун 19 жаштагы жана Бишкек шаарынын 17 жаштагы тургуну болгон. Тергөө уланууда.