Ысык-Көлдө өрүк саткан тургундарды 750 миң сомго алдап кеткен аял Орусияда кармалды

Ысык-Көлдө жергиликтүү тургундарды 750 миң сомго алдап кеткен жаран Орусияда кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

Ысык-Көлдө «издөө» операциясы болуп өттү. Жүргүзүлгөн иш-чаранын натыйжасында, Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери тарабынан издөөдө жүргөн 7 кылмышкер аныкталып, кылтакка илинди, дайынсыз жоголгон 4 адамдын жүргөн жери аныкталган, 1 такталбаган өлүктүн өздүгү такталган.

КМШ өлкөлөрүндөгү кесиптештер менен болгон тыгыз кызматташуунун натыйжасында, Орусиянын Ички иштер министрлигинин Камчатка аймагы боюнча кызматкерлери тарабынан Петропавловск-Камчатский шаарында 2016-жылдан бери эл аралык издөөдө жүргөн кылмышкер кармалды.

Кармалган 61 жаштагы Талас облусунун тургуну 2013-жылы Жети-Өгүз районунун Ак-Терек айылына келип, жеринен жергиликтүү тургундардын ишенимине кирип, акча убада кылуу менен өрүктү сатууга алып кеткен. Кесепетинен 73 жергиликтүү тургун жалпысынан 750 миң сомдук материалдык чыгымга учураган.