Ысык-Көлдө оюнчук тапанча менен коркутуп, каракчылык кылууга шектелген өспүрүмдөр кармалды

Ысык-Көлдө төрт жигит оюнчук тапанча менен коркутуп, каракчылык кылган деген шек менен кармалышты. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден кабарлашты.

— 30-июль күнү Ысык-Көл РИИБге Бишкек шаарынын тургуну арыз менен кайрылган. Арызында ал 29-июль күнү болжол менен түнкү саат 23.00 чамаларында Бостери айылында жайгашкан «Университет» пансионатынын көл жээгинде иниси менен сейилдеп жүрүшкөндө, аларга белгисиз балдар келишип, такталбаган үлгүдөгү тапанча менен коркутушуп, акчаларын, уюлдук телефондорун, күмүш шакектерин жана башка буюмдарын карактап кетишкендерин айткан. Жабырлануучуларга келтирилген жалпы материалдык чыгым 43 миң 200 сомду түзгөн.
Арыз Ысык-Көл РИИБдин КБРге катталып, кылмыш-жаза кодексинин 207 (Каракчылык) беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам иликтөөнүн жыйынтыгында кылмышка шектелип 17 жаштагы Жалал-Абад облусунун тургундары М.О., Д.Т., Чүй облусунун тургуну Н.И. жана 16 жаштагы Нарын облусунун тургуну Т.Б. кармалышты. Алгачкы суракта алар күнөөлөрүн моюндарына алышты жана бирөөнүсүнөн оюнчук тапанча далил зат катары алынды.
Райондук соттун чечими менен шектүүлөргө карата тергөө учурунда 1 айга камака алуу баш коргоо чарасы кабыл алынды.
Учурда тергөө амалдары уланууда.