Ысык-Көлдө мектептин спорт залында өзүнө кол салган 11-класстын окуучусу ооруканада каза болду. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Окуя 5-февраль күнү саат 11:25 чамасында Барскоон айылындагы орто мектептин күрөш залында болгон. Кыз спорт залдагы темир турникке асынып турган жеринен дене тарбия мугалими тапкан. Мугалим тез арада жипти чечип, кызга жардам көрсөтүүгө аракет кылган. Окуя болгон жерге мугалимдер жана тез жардам кызматы чакырылып, жабырлануучу Жети-Өгүз райондук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Кийинчерээк кызды Бишкектеги ооруканага которушкан. Бирок 14-февралда 2007-жылы туулган жашы жете элек кыз каза болгон.
Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин “Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тийиштүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалган. Тергөө амалдары уланууда.