Ысык-Көлдө эс алуучулардын буюмдарын уурдап жүргөн уурулардын тобу кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.
Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын натыйжасында, Бостери айылында жана Чолпон-Ата шаарында жайгашкан эс алуу мекемелеринин аймагындагы пляждарында эс алуучулардын мүлкүн уурдаган жаштардын тобу кармалган.
Бир катар уурулукка шектелгендер, мурда соттолгон Бишкек шаарынын тургундары, 20 жаштагы 3 жаран жана Чүй облусунун 23 жаштагы тургуну болуп чыккан. Кармалган үч шектүүгө карата райондук сот тарабынан үй камагына чыгаруу чарасы тандалып, бирөө үй камагына чыгарылды.
Ысык-Көл РИИБдин тергөө кызматы шектүүлөргө карата эс алуучулардын мүлкүн уурдаган 8 факты боюнча айыптарын угузушту. Шектүүлөр негизинен уюлдук телефондорду жана акча каражаттарын уурдашкан. 8 факты боюнча жалпы материалдык зыян 310 миң 496 сомду түзгөн.







