Ысык-Көлдө Спринтер жолдон чыгып, арыкка түшүп кеткен

Жыргалаң-Ак-Суу унаа жолунун 2-чакырымында жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. 

Маалыматка караганда, Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып, арыкка түшүп кеткен. Жабыркагандар жок. Жерине ГАЗ 66 унаасы менен 3 куткаруучу тартылып, унааны жолго чыгарып беришкен.