SerepTV Logo

Ысык-Көлдө токтоп турган Спринтерди жеңил унаа сүзгөн окуя. Спринтердин айдоочусу каза болду (видео)

Ысык-Көлдө токтоп турган Спринтерди жеңил унаа сүзгөн окуя. Спринтердин айдоочусу каза болду (видео)
Ысык-Көлдөгү "Солнышко" пансионатынын жанында жүргүнчүнү түшүрүп жатып жол кырсыгына кабылган айдоочу каза болду. Бул тууралуу Турмуш басылмасы жазып чыкты. Маалыматка ылайык, 1976-жылы туулган Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү Спринтердин айдоочусу өтө оор абалда ооруканага жеткирилген. Бүгүн, 9-июлда ал ооруканада каза болду. Анын сөөгү Кара-Балта шаарына жеткирилип, бүгүн жерге берилери айтылган. Маркум Орусияда иштеп жүрүп, апасынын каза болгонуна байланыштуу жаз айында Кыргызстанга келген. Артында жашы жете элек 1 кызы, 2 уулу калды. Кечээ, 8-июль күнү Ысык-Көл облусундагы "Солнышко" пансионатына токтоп, Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү Спринтердин айдоочусу арткы эшигинен жүргүнчүнүн жүктөрүн түшүрүп жатканда артынан Ниссан үлгүсүндөгү унаа келип сүзгөн. Ысык-Көл ЖККББнын берген маалыматына ылайык, саат 08:00 чамасында Балыкчы-Ананьево-Каракол автожолунда бараткан Ниссан үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу уктап кетип жол боюнда токтоп турган Спринтерди сүзүп алган. Кырсыктын жыйынтыгында спринтердин айдоочусу жана Ниссан үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жубайы менен ооруканага жеткирилген.
SEREP MEDIA