19-июнь күнү милицияга телефон аркылуу Жети-Өгүз районунун оорукананын Тез жардам бөлүмүнөн, денесинен жаракат алып кайрылган жаран жөнүндө малымат түшкөн. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.
Териштирүүдө Саруу айылынын 1997-жылы туулган тургуну арыз менен кайрылган. Арызында 19-июнга караган түнү саат 01:00 чамасында Саруу айылына караштуу орто мектептин окуучулары сабап кеткендигин билдирген. Анын кесепетинен жаран алган дене жаракатынан Жети-Өгүз райондук хирургия бөлүмүнө жаткырылып, соттук медициналык экспертиза дайындалган. Аталган факты Жети-Өгүз РИИБге катталып, Жазык кодексинин 280-берененин (бейбаштык) негизинде кылмыш иши козголгон.
Тергөө-ыкчам иш чарасын жүргүзүү учурунда, Саруу айылынын 2005-жылы туулган 5 окуучусу кармалды. Жабырлануучу тарбия иштери боюнча директордун орун басары.












