Ысык-Көлдө «Ямайка» пансионатында мыйзамсыз орнотулган буукана аныкталды

29-июль күнү Ысык-Көл районунун Сары-Ой айылында жайгашкан «Ямайка» пансионатынын көл жээгинен буукана орнотулганы аныкталган. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден кабарлашты.

«Аталган факт Ысык-Көл РИИБдин маалымат электрондук журналына катталып, учурда тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде чечим кабыл алуу үчүн териштирүү иштери жүргүзүлүүдө», — деп жазылат маалыматта.

Белгилеп кетсек, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги №201 «Коомдук саламаттык сактоо жаатындагы актыларды бекитүү жөнүндө» токтому менен бекитилген калктын эс алуу жана ден соолугун чыңдоо уюмдарына карата санитардык-эпидемиологиялык талаптарга ылайык жээктеги пляждык зонанын аймагында сууда буукана тургузууга тыюу салынат.