Ысык-Көл облусунда кечээ, 4-июль күнү үрөй учурган жол кырсыгы катталып, 7 жана 69 жаштагы жаран каза болуп, 14 адам жабыркады. Бул тууралуу ӨКМдан маалымдашты.
Окуя 4-июль күнү саат 19:30дар чамасында Балыкчы-Ананьево-Каракол унаа жолунун 27-чакырымында орун алып, анда Honda Odyssey жана Toyota Estima үлгүсүндөгү жеңил унаалары кагылышкан. Кырсык болгон жерге Балыкчы шаарынын №19 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн 4 куткаруучу тартылып, каза болгондордун сөөгүн чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти. Ал эми 14 адам ооруканага жеткирилди. Такталган маалыматка ылайык, каза болгон жарандар 2015-жылы туулган жана 1953-жылы туулган жарандар.












