Ысык-Көлдө жаандан улам тоонун боору урап түшүп, эки эркек кишин басып калды
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бүгүн, 6-июнь саат 10:00гө карата маалымат таратты.
Кечээ, 5-июнь күнү саат 20:00 чамасында жааган жаандын кесепетинен тоонун боору урап түшүп, сел сууларына кошулуп баткак түрүндөгү ылай (оплывина) Балыкчы-Ананьево-Каракол унаа жолунун 92-чакырымын жана 1 Мерседес Спринтер, 1 Форд Мандео унааларын жана 2 эркек кишини басып калган. Жеринде Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев, президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Жетигенов тарабынан абал көзөмөлгө алынууда.
Куткаруу ишине жалпы 291 адам тартылган:
- Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 149 куткаруучу анын ичинде аймакты изилдөөгө Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин адистери;
- Ысык-Көл райондук Жарандык коргонуу кызматтарынан 80 адам;
- ИИМден 50 кызматкер;
- Тез жардам кызматынан 12 кызматкер иш алып барууда.
Ал эми сел жүргөн аймакка жалпы 20 инженердик техника тартылган.
Издөө иштеринин натыйжасында 5-июнь күнү, түнкү саат 23:35те У.Т. аттуу 2008-жылы туулган эркек кишинин сөөгү табылган. Ал эми экинчи адамды издөө иштери куткаруучулар тарабынан уланууда. Маалым болгондой, селдин кесепетинен жабылган Балыкчы-Ананьево-Каракол унаа жолу 6-июнду караган түнү, саат 12:52 эки тараптуу ачылган. Учурда селдин калдыктарын тазалооо иши уланууда. Кошумча маалымат берилет.