Ысык-Көлдөгү 16 жаштагы майыптыгы бар кыздын зордукталып, боюна бүтүүсү. Чарчап калган түйүлдүктүн атасы 64 жаштагы айылдашы экендиги тастыкталды
Ысык-Көл облусунун Түп районундагы 16 жаштагы майыптыгы бар кыздын зордукталуусу боюнча 64 жаштагы жаран кылмышка аралашканын тастыкталды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБиден маалымдашты.
"16 жаштагы майыптыгы бар кыздын зордукталып, кош бойлуу болуусу, түйүлдүк 5 айлык кезинде өлүк төрөлүшү боюнча кылмышка шектелген 3 жарандан ДНК-экспертиза алынып, корутундусу чыкты. Анын негизинде 1958-жылы туулган Түп районунун тургуну чарчап калган ымыркайдан атасы экендиги аныкталды. Учурда шектүү бир айга камакка алынды. Соттук-психиатриялык экспертизалар өткөрүлгөндөн кийин кылмыш иши сотко өткөрүлөт", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Эске салсак, апрель айында Ысык-Көл облусунун Түп районунда 70 жаштагы киши жашы жете элек майып кызды зордуктаган деп шектелгени" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/kylmysh-kyrsyktar/ysyk-koldo-dczp-menen-jabyrkagan-16-jashtagy-kyzdyn-zorduktalyp-boyuna-bytyshy-kylmyshka-70-jashtagy-koshunasy-shektelyydo/"> маалымдалган. Кийинчерээк түйүлдүк 5 айлык кезинде өспүрүмдүн ден соолугу начарлап, ооруканага түшүп, операция жолу менен чарчап калган ымыркайды" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/ysyk-koldo-zorduktalgan-16-jashtagy-kyz-kairadan-oorukanaga-jatkyryldy/">ымыркайды төрөтүшкөн.