Ысык-Көлдөгү 5 адам өмүрүн алган жол кырсыктан кийин тартылган видео тарады

Социалдык тармактарда Ысык-Көл облусунун Чырпыкты айылында үрөй учурган жол кырсыктан кийинки тартылган видео тарады.

Беш адамдын өмүрүн алган жол кырсыгынын күбөлөрү милиция кызматкеринен Mitsubishi Galant менен кагышкан Lexus LX470 унаасынын айдоочусун адамдардан жашырбоону талап кылышкан. Видеонун мазмунуна караганда, милиция кызматкери жол кырсыкка катышкан айдоочуну башка унаага отургузуп, кырсык болгон жердегилерди өч алуу максатында ага кол көтөрбөшү керектигин айткан.