Маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү – Ананьев айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы М.С.К. кылмышкерлердин колдоосун пайдаланып, Ананьев айыл аймагындагы 42 гектар айыл чарба жер аянтын, жергиликтүү бюджетке тиешелүү төлөмдөрдү төлөбөстөн жана укукту күбөлөндүрүүчү документтерди албастан мыйзамсыз пайдалангандыгы аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан маалымдашты.
Мындан улам, 28-мартта жер тилкесин мыйзамсыз басып алууну уюштурган жана ага жетекчилик кылган деген шек менен аталган айылдык кеңештин төрагасы УКМКнын кызматкерлери тарабынан кармалып, 29-мартта Каракол шаардык сотунун чечими менен Каракол шаарындагы №23 тергөө абагына 2 айга камакка алынды.
Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери тарабынан унааны мас абалында башкарган айдоочу токтотулган. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти. Текшерүү учурунда айдоочунун айдоочулук...
Чүй районунун акими кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. 16-декабрда УКМК тарабынан кум-шагыл аралашмаларын казып...
Бүгүн, 22-декабрь күнү Чүй облусунун Сокулук районундагы Төрт-Көл айылындагы бала бакчадан өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Өрттү өчүрүүгө саат...
Буга чейин социалдык тармактарда Мурас-Ордо конушунда 2008-2009-2011-жылы туулган өспүрүмдөр сабалды деген видео тараган. Видеодон өспүрүмдөргө кол көтөрүп, «Бөтөн райондо эмне...