Сел Ысык-Көлдөгү «Аврора» санаторийинин короосун да каптады. Социалдык тармактарда кырсыктын видеосу тарады.
Буга чейин президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн Булан-Сөгөттү айылындагы «Аврора», «Аврора+», «Нептун» эс алуу жайларын каптаганын билдирген. Ошондой эле Корумду айылындагы «Семирам» эс алуу жайларын да каптаганын билдиришкен.











