Ысык-Көлдөгү базарда цестодоз, бруцеллёз менен ооруган уйларын сатып жиберишкен

Ысык-Көл ОИИБдин тергөө кызматы тарабынан малдарда жугуштуу оорулардын алдын алуу жана четтетүү боюнча ветеринардык адистер тарабынан ветеринардык-санитардык эрежелерди тийиштүү талаптар аткарбагандыгы боюнча тергөө амалдарын жүргүзүүдө. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 24-апрелде Түп РИИБге Талды-Суу айылынын 46 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Арызында 28-март күнү Каракол шаарынын мал базарынан тийиштүү ветеринардык тактамасы менен 64 миӊ сомго уй сатып алгандыгын, үйүнө алып келип, дагы бир жолу ветеринардык текшерүүдөн өткөргөндө, сатып алган малы бруцеллёз илдети менен ооругандыгы белгилүү болгондугун көрсөткөн. Аталган факты райондук милициясына катталып, Жазык кодексинин 204-беренеси (алдамчылык) менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Анын жүрүшүндө жеке ветеринардык практиканы жүзүүгө ашырып келген Жети-Өгүз районунун 62 жаштагы тургуну мөөнөтү өтүп кеткен күбөлүктүн негизинде, жаӊы ветеринардык күбөлүктү бруцеллез илдетине чалдыккан уйга жазып берүү менен, аны Караколдогу мал базарынан колдон колго сатылып кетүүгө шарт түзгөндүгү аныкталган. Жеке ветеринардык практика менен алектенген адамдын кыймыл аракетинде «Ветеринардык эрежелерди бузуу» беренеси менен көрсөтүлгөн талаптары бузулгандыктан, чогулган материалдар Жети-Өгүз райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыгына чара көрүүгө жиберилген.

Ушундай эле арыз менен Түп районунун Шаты айылынын 67 жаштагы тургуну кайрылып, 9-май күнү Каракол шаарындагы мал базарынан сатып алган бодо малы кийин «Цестодоз тобундагы гемильтозом» илдети менен ооругандыгы белгилүү болгондугун арызында көрсөткөн. Аталган факты да катталып, Жазык кодексинин 204-беренеси (алдамчылык) менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө, жугуштуу илдетине чалдыккан бодо малга ветеринардык күбөлүктү Тоӊ райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыгынын 27 жаштагы ветеринар-дарыгери бергендиги аныкталган. Учурда жаныбарда жугуштуу илдетинин качан пайда болушун аныктоо максатында, Ысык-Көл облустук ветеринардык диагностика борборунда тийиштүү изилдөө жүргүзүлүп келүүдө. Анын жыйынтыгы менен тергөө-процессуалдык чечим кабыл алынат.